Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 23…28, Таласта 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 22…27 градуска көтөрүлөт.

Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада 27…29 градус жылуу болсо, Ош шаарында термометр 28…30 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0