Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүйдө 30…35 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 27…32 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда 31…36 градус ысык болсо, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 23…27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 32…34 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0