Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековШквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС
Шквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 26…31 градус жылуу болсо, күндүн табы Таласта 25…30 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 19…24, Нарын облусунда 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында да күн күркүрөп, термометр 28…30 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0