Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 27…32, Таласта 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 28…33, Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарында күн ачык болуп, 30…32 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0