Кыргызстандын эң кир жерлери айтылды

© ГосэкотехинспекцияТаштанды. Архив
Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активисттер экологияга кайдыгер карабаган адамдарды таштанды чыгаруу боюнча санкцияга катышууга чакырышты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. "Ала-Арча" паркы, панорама, Орто-Сай айылындагы флагштоктун айланасы жана "Теплые ключи" дарылануучу жайынын тегереги Кыргызстандагы эң кир жерлер болуп саналат. Бул тууралуу "Жашыл Билик" коомдук фондусунун директору Дмитрий Андреев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, республикада коомдук башталышта таштанды чыгарып, жерлерди тазалаган активисттер бар.

"Негизинен желим баштыктар менен бөтөлкөлөрдү таштап кетишет. Мындан тышкары, парк зоналары да таштандыга толуп калат. Бир жолу Таштар-Атадан эки күн бою таштанды чыгарганбыз. Булгаба деген суранычка эч ким деле көңүл бөлбөйт", — деди Андреев.

Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда
Ал эми "Эко деми" коомдук фондусунун өкүлү Айжан Чыныбаева эл көп келген жер аябай кирдей турганын белгиледи.

"Ош" базары такай жыйналып турганына карабастан айланасында таштанды көп. Баткендеги Айгүл ташты да көп кирдетишет. Ушунча жогору жакка чыгып туруп таштанды таштап кеткендери таң калтырат", — деди ал.

Активисттер экологияга кайдыгер карабаган адамдарды таштанды чыгаруу боюнча санкцияга катышууга чакырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0