Кыргызстан жашоого ыңгайлуу өлкөлөр арасында 107-орунда турат

Жазылуу
Рейтингде биринчи орунга Бразилия чыкты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан адамдын жашоосуна ыңгайлуу өлкөлөрдүн арасынан 107-орунду алды. Иликтөөнүн жыйынтыгын Vivid Maps сайты жазып чыкты. 

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады
Жашоого ыңгайлуу мамлекеттерди аныктоо үчүн америкалык окумуштуулар Maxent системасын колдонушкан. Анда илимпоздор 100дөн 10 миңге чейин жашоочусу бар шаарларды алып, алардагы климаттык ар кандай шарттарды иликтеп көрүшкөн.

Адамдын жашоосу үчүн бардык шарты бар аймактардын сап башына Бразилия, АКШ жана Кытай чыкты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен 11-орунда турган Казакстан лидер болду. Андан кийин 51-позициядагы Түркмөнстан турат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан 107 жана 108-орунда калды.

Баса, ушул эле жылдын апрель айында Henley & Partners консалтинг компаниясы Кыргызстан 2017-жылдын эсеби менен жарандык алууну каалагандардын саны боюнча рейтингде 109-орунду ээлегенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0