Балдар ооруканага колунан жаракат алып көп кайрылышат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДетская областная больница Калининграда
Детская областная больница Калининграда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери жаракат алган балдар боюнча отчетун жарыялады.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ата-энелер балдарын жакшылап карашы керектигин Улуттук госпиталдын пластикалык реконструктивдик микрохирургия жана колдун хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керимбек Бээрманов айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь айынан бери аталган бөлүмгө 75 бала түшсө, алардын 43ү эркек балдар.

"Балдардын көбү ооруканага үйдөн, мектептен, бакчадан жаракат алып келишет. Алардын колдору тилинип, билектери, тырмактары сынган учурлар арбын", — деди Бээрманов.

Дарыгер негизинен балдар колун эшикке кымчытып, же жаныбарларга тиштетип алышарын айтты.

Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бишкек мэриясы бул датага карата бир катар иш-чараларды уюштурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0