Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Жыргалан в Иссык-Кульской области
Природа Жыргалан в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жизнь людей в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Апта ичинде күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй менен Таласта 23…28 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында 20…25, ал эми Баткенде 21…26 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 19…24 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, абанын температурасы борбор калаада 24…26, ал эми Ош калаасында 20…22 градус жылуу болору айтылды.

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0