Жаан жаайт! Дем алышка карата аба ырайы

Жазылуу
Айрым аймактарда нөшөрлөп жамгыр жаай турганы айтылды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ишемби, жекшемби күндөрү — 19-20-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында нөшөрлөп жаан жаайт. Ал эми Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жай келе жатат! Июнь айына карата аба ырайы
19-майда Чүй, Талас облустарында түндө 7…12 градус жылуу, күндүз 19…24 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 8…13 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 18…23 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл менен Нарында түндө 3…8 градус жылуу болсо, күндүз 16…21 градуска чейин көтөрүлөт.

20-майда Чүй, Талас облусунда түндө 7…12 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 18…23 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түндө 7…12 градус жылуу болсо, күндүз 18…23 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл менен Нарында түндө 2…7 градус жылуу болуп, күндүз 15…21 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0