Кыргызстанда окуу жылын 10-сентябрдан баштоо каралып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Последний звонок" в Бишкекской школе
Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министри окуу жылынын башталышы жылса окуучуларга да пайдалуу болорун айтты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева учурда парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирди. Мындай пикирин ал өлкө мектептерин Интернет менен камсыздоо маселеси боюнча өкмөттүн кеңешмесинде айтты.

Ал ошондой эле окуу жылынын башталышы жылдырылса окуучуларга пайдалуу болорун кошумчалады.

"Биздин жаратылыш шартыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу балдардын ден соолугуна да пайдалуу. Жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин берет. Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем", — деди министр.

Өз кезегинде өкмөт башчы билим берүү тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык жашоосундагы маанилүү тармактардын бири экендигин белгиледи.

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы кыргыз мектептерине эне тилиндеги китептер берилди
"Өкмөт билим берүүгө каражат салууга даяр, анткени бул – келечекке болгон инвестиция. Биз чечишибиз керек. Артыкчылыктуу маселелердин бири республиканын бардык мектептерин Интернет менен камсыздоо болуп саналат", — деди Абылгазиев.

Билим берүү жана илим министри Кудайбердиева учурда республиканын мектептеринин 55 пайызында Интернет бар экенин маалымдады.

Ал ошондой эле тажрыйба көрсөткөндөй окуу китептерин 5 жыл сайын алмаштырып туруу зарыл экенин айтып, андан сырткары, жыл сайын жаңы окуу китептерди басып чыгарууга мамлекет 500 миллион сомго жакын каражат бөлүшү керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигине заманбап технологияларды колдонуу менен окуу китептерин чыгарган басмакана ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Аталган чечим Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруунун заманбап тутуму үчүн зарыл басма үйлөрүн уюштуруу процессин ишке киргизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0