Шашылыш билдирүү! Өлкөдө эки күн бою жаан жаап, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 15-16-май күндөрү өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

В Лейлеке объявлен режим чрезвычайной ситуации - Sputnik Кыргызстан
Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Селдин видеосу
Шейшембиде Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаашы мүмкүн.

Күндүзү абанын температурасы Чүй менен Таласта 14…19, Ош, Жалал-Абад менен Баткенде 18…23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 13…18, тоолуу райондордо 10…15 градус жылуу болору айтылды.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал эми нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү 

Жаңылыктар түрмөгү
0