Кыргызстанда 15 жаңы айыл пайда болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт в Нарынской области
Жизнь и быт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү 15 калктуу конушка айыл статусун берүүнү сунуштап жатат.

Токтомдун долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Эгер ал жактырылып калса, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарында жаңы айылдар пайда болот.

Айыл макамын ыйгаруу сунушталган калктуу конуштар:

— Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Ынтымак конушу;

— Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагындагы Он эки мойнок, Желе-Дөбө, Ара-Булак конуштары;

— Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы Миң-Өрүк, Миң-Булак конуштары;

— Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы Жаңы-Сырт конушу;

— Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагындагы Камаш конушу;

— Талас районунун Калбин айыл аймагындагы Беш-Таш конушу;

— Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы Узун-Булак, Оро-Башы, Ак-Чий конуштары;

Мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, мындай чечим аталган калктуу конуштардын жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле бул конуштар айыл статусун алуу үчүн бардык критерийлерге туура келет.

Айыл статусунун берилиши тургундардын жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди өз алдынча чечип алуусуна жол ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0