Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта башында күндүн көзү ачылбай, жамгыр жаашы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Билдирүүгө ылайык, апта башында күндүн көзү ачылбай, жамгыр жаашы күтүлөт.

13-14-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жамгыр жаап, абанын температурасы 20…25 градус жылуу болот.

Город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Күн деги ысыйбы? Май айына карата аба ырайынын божомолу
Чүй менен Талас облусунда күндүз 15…20, ал эми Ысык-Көл менен Нарын аймактарында 15…20 градус нөлдөн жогору.

15-16-17-майда да көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 21…26, Талас, Чүй өрөөндөрүндө 19…24, Нарын менен Ысык-Көлдө 19…24 градус жылуу болот.

18-майда тоо этектеринде өткүн өтөт. Ал эми 19-майда күн ачылып абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0