Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / Francisco SecoДождь в Мадриде
Дождь в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Ишемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30 градус жылуу болсо, Ысык-Көл, Талас, Нарында облустарында 21…26 градус нөлдөн жогору болоору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, 25…27 градус күн жылыса, Ошто 28…30 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0