Мурдагы финансы министри сомдун көлөмүн эки эсе көбөйтүүгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-министр экономикада акчанын жетишсиздиги байкалып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Алдыдагы беш жылдын ичинде сомдун көлөмүн көбөйтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, экономикада сомдун жетишсиздиги байкалып жатат.

"Эгер беш жылдын ичинде акча көлөмүн эки эсеге көбөйтпөсөңөр экономиканын өнүгүшүнө салым кошпогон болосуңар", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле өткөн жылы банктардын жарымы киреше таппаганын жана акырындык менен банктар биригерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0