Дем алышта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКүндөн калкаланып жаткан аялдар. Архив
Күндөн калкаланып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караганда жекшемби күнү күндүн табы ылдыйлайт

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда алдыдагы эс алуу күндөрү — 12-майда күндүз жана 13-майда мезгил-мезгили менен жамгыр, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

12-майдагы аба ырайы

Чүйдө түнкүсүн 12…17, ал эми күндүзү 22…27, Талас өрөөнүндө күндүзү 11…16, түнкүсүн 21…26 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад облустарында түнү 14…19, күндүз 25…30 градуска көтөрүлөт. Баткенде түнү 14…19, күндүз 25…30 градуска чейин ысый турганы айтылды.

Ысык-Көлдө түнү термометр +6…+11, күндүзү +21…+26, Нарында түнү +4…+9, күндүзү +21…+26 градусту көрсөтөт.

13-майдагы аба ырайы

Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ысык суу качан өчөрү белгилүү болду
Чүйдө түнкүсүн 8…13, ал эми күндүзү 19…24, Талас өрөөнүндө 7…12, күндүзү түнкүсүн 18…23 градуска көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү 10…15, күндүз 22…27 градуска чыгат.

Ысык-Көлдө түнү термометр +5…+10, күндүзү +17…+22, Нарында түнү +3…+8, күндүзү +17…+22 градусту көрсөтөт.

Бишкек шаарында 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетери айтылды.

Ош шаарында 12-майда күн ачык болот, ал эми 13-майда жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0