Жума күнүнө карата аба ырайы

© Фото / Влад УшаковЭки-Нарын өрөөнү. Архив
Эки-Нарын өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болоорун Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүй өрөөнү менен Таласта 30…34 градуска жылыса, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 22…27 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Борбор калаа менен Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 32…35 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0