Кош жарандуулугу бар аткаминерлер соттолушу керек. Мыйзам долбоору

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики
Заграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын кош жарандуулугу тууралуу мисалдар бар. Жыл башында ошол кездеги ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстан жараны экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстанда башка өлкөнүн жарандыгы бар экенин жашырып койгон аткаминерлерди жана президенттикке, депутаттыкка талапкер болгондорду жазалоо сунушу киргизилип жатат.

КРдин Кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Аны депутаттар Алмазбек Баатырбеков менен Дастан Бекешев демилгелеп чыкты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, кош жарандуулугу бар адамдын жогорку саясий кызматты ээлешинин бир нече кемчиликтери бар.

"Биринчиден, купуя маалыматтар сыртка чыгып кетиши мүмкүн. Анткени ал адамдар үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы башка мамлекеттикинен өйдө турбай калышы мүмкүн", — деп айтылат түшүрдүрмөдө.

Депутат ЖК Асылбек уулу Дамирбек - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камакта кала турган мөөнөтү узарды
Мыйзам долбоору эки бөлүктөн турат. Биринчисинде — талапкерлигин көрсөтүп жаткан учурда кош жарандуулугу тууралуу маалыматты жашырып, жасалмаланган документтерди берген жарандарга 2 600дөн 300 миң сомго чейин айып салуу же 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыраттуу зарылдыгы айтылган.

Экинчи норма боюнча ушундай эле жазаны кош жарандуулугу бар туруп саясий, сот жана мамлекеттик жогорку кызматка баргандар тартышы керек.

Кыргызстанда жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын кош жарандуулугу тууралуу мисалдар жок эмес. Жыл башында Казакстанда кыргыз парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу камакка алынды. Кийин анын коңшу өлкөнүн дагы жарандыгы бар экени аныкталып, Боршайком мандатынан ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0