Кыргызстанга посылка Кытай менен Россиядан көп келет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПочта бөлүмүндөгү посылкалар. Архив
Почта бөлүмүндөгү посылкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы Кыргызстанга электрондук соода аркылуу 170 миң 432 посылка келген.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Онлайн кызмат жана онлайн-дүкөндөрдүн көбөйүшү менен Кыргызстанга чет жактан келген посылкалар арбыды. Анын көбү Россиядан, Кытай, АКШ жана Германиядан келет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
Ага ылайык, 2017-жылы Кыргызстанга электрондук соода аркылуу 170 миң 432 посылка келген.

Ал эми "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын маалымдашынча, жиберилген посылкалардын салмагы 78 тоннаны түзгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы сынамык иретинде электрондук соода борборун ачкан. Ал жактан каалоочулар дүйнөлүк интернет-дүкөндөрүнөн товарды кантип туура сатып алуу керектигин үйрөнө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0