22:55 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Орозо — 2018 (24)
78110

Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМБД) социалдык тармакта жана WhatsApp тайпаларында орозонун календарлары тарап жатканын, андагы маалыматтар туура эместигин билдирди.

Муфтият орозонун так датасы айдын жаңырышына карап аныкталарын белгиледи.

"Орозо бул датада башталат деп алдын ала тарап жаткан маалыматтар туура эмес. Кыргызстандын муфтияты айдын жаңырышын карап туруп, орозонун так убактысын алдын ала 1-2 күнгө чейин айтканга аракет кылат. Андыктан тарап жаткан туура эмес маалыматтарга ишенбөө керек", — деп муфтияттан маалымдашты.

КМДБнын маалымат кызматы учурда фатва бөлүмү тарабынан календарь даярдалып жатканын, ал текшерилип, такталгандан кийин элге таратыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин "орозо 15-майда башталат" деген маалыматтар тарап кеткен.

Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.

Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган. 25-июнда айт намазы болгон.

Тема:
Орозо — 2018 (24)

Тема боюнча

Эски аянтта окулган Айт намаздан алынган кадрлар
Эксперттер Борбор Азияда кайсы өлкө көбүрөөк светтик экенин айтышты
Белгилер:
календарь, орозо, муфтият, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ