Ишемби күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на улицу Масалиева в Бишкеке
Вид на улицу Масалиева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ишемби күнү жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Күндүн табы көтөрүлүп, Чүй, Таласта 25…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 23…28, Ысык-Көлдө 15…20, Нарында 16…21 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаа менен Ош шаарында күн ачык болуп, 26…28 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0