Жүз миңдеген доллар менен пара алган аткаминерлер ким? Тизме

© AFP / S. AXIOTISАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки жылда ири өлчөмдөгү пара алып жатып кармалган жарандар мамкеттик кызматкерлер экени белгилүү болду

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыктын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады

Ал эми бүгүн кармалган кызматкердин кан басымы жогорулап кетип ооруканага жаткырылганы айтылды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги былтыркы жана быйылкы жыл ичинде элден ири өлчөмдөгү пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармалган мамлекеттик кызматкерлерди тизмектеп көрдү.

8 миң доллар талап кылган ӨКМ кызматкери. Былтыркы жылдын 2-июнунда ӨКМдин адындагы Авиациялык мекеменин жетекчиси сегиз миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бишкек тургуну Финансы полициясы менен прокуратура органдарына Авиациялык мекеменин жетекчиси анын соттогу ишин оң жагына чечтирип берүүнү убада кылып, 25 миң доллар талап кылгандыгы боюнча арыз жазган. Пара алууга шектелип ишкананын директорунан тышкары анын орун басары жана юристи кармалган.

15 миң доллар сураган финполчу. Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлүн беш миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери колго түшүргөн. Кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте кытай жаранынан анын мурдагы бизнес-өнөктөшү берген арызды кароону токтотом деп 15 миң доллар пара талап кылганы айтылган.

20 миң доллар талап кылган прокурор. 2015-жылдын август айында УКМК Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеевди, анын орун басары менен жардамчысын 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, прокурордун жардамчысы 6 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны ага чейин алган. Акча берүүгө мажбурланган жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, Аламүдүн районунун прокуратурасынын кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Алар Көк-Жар айылында салынган үйдү түрттүрөбүз деп коркутуп, 20 миң доллар талап кылышкан. Кийин соттун чечими менен Мамакеевдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү 12 жыл күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болгон. Ал эми жардамчылары кылмышка тиешеси бар деп табылып, айып пул төлөмөй болушкан

Министр менен жардамчысы. Мурунку социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров 2012-жылдын 5- июлунда Кылмыш жаза жаза кодексинин 313-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен шектелип, кармалган. Анткени анын жардамчысы Тахир Мирзахмедов 4-июль күнү бала багып алуу менен алектенген италиялык компаниянын өкүлүнөн 10 миң долларын алуу учурунда колго түшкөн. Мирзахмедов тергөөдөгү көрсөтмөлөрүндө бул акчаны анын жетекчиси суратканын жана алгач айтылган сумма 20 миң доллар болгонун билдирген. Сот чечими менен Сабиров беш, Мирзахмедов алты жылга эркинен ажыратылган. Бирок Сабиров 2014-жылы жаш курагына байланыштуу мунапыска туш келип, боштондукка чыгарылган.

100 миң доллар жана тергөөчү. 2015-жылдын 24-мартында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдон кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар талап кылган. Биринчи Май райондук соту аны 14 жылга кескен

Данияр Нарымбаев менен Хажимурт Коркмазов. 2015-жылдын 15-июлунда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурт Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен тутулган. Тергөө учурунда аныкталгандай, Коркмазов президенттин ошол кездеги аппаратынын жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп, экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн 200 миң доллар талап кылган. Коркмазов 1,5 жылга соттолуп, бирок тергөө абагындагы убактысын эсепке алуу менен 2016-жылдын май айында боштондукка чыккан. Ал эми үч жылга эркиндиги чектелген Нарымбаев 2016-жылдын декабрь айында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотулган

50 миң доллар пара. Жоюлуп кеткен аскер сотунун төрагасы Нурланбек Ашымбеков 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын жергиликтүү ЖМКлар Башкы прокуратуранын сайтына шилтеме берип жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага эки жаран алардан Ашымбеков аттуу сот оң жагына чечим чыгарып берем деп 50 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын сураган. Учурда Ашымбеков издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0