Кончита Вурст ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгын айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүНойвирт Кончита Вурст. Архив
Нойвирт Кончита Вурст. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын минтип дартын жар салуусуна эски тааныштарынын "ооруңду элге жаям" деп коркута бергени себеп болуптур.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Элге Кончита Вурст деген ысым менен белгилүү австриялык артист Томас Нойвирт ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгы белгилүү болду. Бул туурасында ал Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандыгын дарыгерлер ага бир нече жыл мурда эле кабарлаган. Ырчынын минтип дартын элге жар салуусуна эски тааныштарынын "ооруңду элге жаям" деп коркута бергени себеп болуптур.

"Мени эч ким коркута албайт жана менин жашоомо таасир этем дегендерге жол бербейм", — деп жазган ал.

Австриялык артист 2014-жылы Копенгагенде өткөн "Евровидение" музыкалык сынагында сакалчан аялдын образында чыгып, сенсация жараткан. Буга коомчулук ар кандай пикирлерин билдирип, бир катарлары айыптай тургандыгын айтышса, бир тобу жактап чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0