Төрөгүсү келген аялдардын көбү Кыргызстандын кайсы облусунда экени аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке
Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада балалуу болууну анчейин каалабаган келиндер Баткенде жашайт экен

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тукум улоого дилгир келинчектердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын кайсы аймагында жашай турганын Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты.

Маалыматка ылайык, жакын арада көз жарууну пландаган аялдардын көбү Ысык-Көлдө болуп чыкты, бул бүлө күткөн 18 жаштан 49 жашка чейинки жалпы аялзатынын 55,2 пайызын түзөт.

Кыргызстандын тургундарынын жаш курагы жүз кишинин мисалында алынды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жаран — бала. Өлкө тургундарынын жашы кандай
Экинчи сапта Жалал-Абад облусу турат. Көлдүк келиндерге болгону 0,1 пайыз жетпей калышты. Үчүнчү орунду Ош облусунун айымдары ээледи. Аялдардын жарымынан көбү, тактап айтканда 54,3 пайызы бала төрөөнү алдыңкы планга койгон.

Ал эми балалуу болууну анчейин каалабаган келиндер Баткенде экени аныкталды. Болгону 48,8 пайыз деп маалымдалды.

Кыргызстандык кыз-келиндерди тереңирээк түшүнүү үчүн биздин лонгридди окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0