Күндүн көзү качан ачылат? Келерки аптага карата аба ырайы

Жазылуу
Жуманын биринчи жарымы жаан-чачындуу болуп, аптанын аягында гана күндүн көзү ачылат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайы божомолун айтты.

Билдирмеге караганда, жуманын алгачкы күндөрүндө жер-жерлерде жаан-чачын болуп, күн күркүрөйт.

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
2-3-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында аба ырайы күндүз 13…18 градус жылуу болот. Чүйдө 10…15, Нарын менен Ысык-Көлдө 7…14 градус нөлдөн жогору.

4-апрель күнү дагы айрым аймактарда жаан-чачын болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн илеби күндүзү 18…23 градуска көтөрүлөт. Ысык-Көл жана Нарында салыштырмалуу мээлүүн, 7…12 градус гана жылуу болот.

Ал эми 5-апрелден тарта жаан жаабайт. Чүй облусунда абанын температурасы 20…25 градус ысык болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 19…24 градуска жетет. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында 10…15 градус жылуу болушу ыктымал.

Апта аяктап калганда өлкөдө күн ачылып, абанын температурасы жогорулай баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0