Абдил Сегизбаев президентке коррупция менен кантип күрөшөрүн айтып берди

Жазылуу
Мамлекет башчы УКМК төрагасына жарандардан келип түшкөн бир дагы арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керектигин эскертти

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМК төрагасы президентке Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жыйынынын чечиминин алкагында милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берген.

Ошондой эле коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкууланган.

"Жээнбеков биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин билдирди. Президент жарандардан келип түшкөн бир дагы арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК төрагасы президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0