Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКол чатырчан аял. Архив
Кол чатырчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-мартта түнкүсүн айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус жылуу болушу ыктымал.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн —2…+3, күндүз 9…14 градус жылуу болсо, Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0