Дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Айрым аймактарда аба ырайынын температурасы +28 градуска чейин жетет

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ишемби күнү Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20, жекшембиде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Талас облусунда ишембиде 18…23, жекшембиде 21…26 градус ысык болушу күтүлөт.

Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам жана өрүк гүлдөй баштады - Sputnik Кыргызстан
Сулайман тоонун боорундагы өрүк менен бадам гүлдөдү
Баткенде болсо дем алыш күндөрү абанын температурасы 24…28 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27 градус ысык болушу ыктымал.

Ысык-Көлдө 24-25-мартта абанын температурасы 10…15 градус болору божомолдонду.

Нарында болсо түнкүсүн —2…-7, күндүз 10…15 градус жылуу болушу мүмкүн.

Ош менен Бишкек шаарларында дем алыш күндөрү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 18…20 градустан 26…28 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0