Мээрим Карыпова: кыздар башында сахнаны тандаса, үй-бүлө куруу кыйын болот экен

© Фото / Адилет БектуровДастанчы жана ырчы Мээрим Карыпова
Дастанчы жана ырчы Мээрим Карыпова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көркөм өнөрдү көрктөгөн дастанчы жана ырчы Мээрим Карыпова экинчи ирет жеке концертин берүү алдында турат. Өнөр ээси эрте турмуш куруп эки балалуу болгондон кийин гана чыгармачылыкка аралаша баштаган. Бирок ал кеч калдым деп кымындай да өкүнбөй турганын айтат.

Мээрим Карыпова КРдин эл артисти Роза Аманованын колунан тарбияланып чыккан. 2007-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин фольклор факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Учурда бир нече ырлардын аткаруучусу жана "Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти.

— Алдыда боло турчу концертиңизден күйөрмандарыңыз эмнени күтсө болот?

— Алгачкы жеке концертим 2014-жылы өткөн. Анда дастан, терме, санат ырлар менен коштолуп, оор басырыктуу концерт болгон. Бирок байкасам андайды көбү сиңире албай калат экен. Бул концертим жаз айына туура келгендиктен "Сезимдеги ойлор" деп атадык. Эстрада жанрындагы жүрөктү кытыгылаган сүйүү тууралуу жагымдуу ырларды, андан тышкары, салттуу чыгармаларды да тартуулайбыз. Аябагандай шоу болот дегенден алысмын, анткени мен салттуу ырчымын да. Улуу муунга да, жаш муунга да ылайыктуу программа түзгөнбүз. Анан бир эле комуз эмес, домбура менен да ойноп ырларды аткарам. Ошондой эле дос, санаалаштарым да келип ыр белек тартуулашат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрим Карыпова КРдин эл артисти Роза Аманованын колунан тарбияланып чыккан. 2007-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин фольклор факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Учурда б"Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти
Мээрим Карыпова: кыздар башында сахнаны тандаса, үй-бүлө куруу кыйын болот экен - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Карыпова КРдин эл артисти Роза Аманованын колунан тарбияланып чыккан. 2007-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин фольклор факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Учурда б"Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти

— Боордош элдин улуттук аспабын чертип калышыңызга эмне түрткү болду?

— "Эл ырчысы Эстебес" тобу Раймалы менен Бегимайдын айтышы даярдалып мага Бегимайдын ролун аткаруу талабы коюлду. Анан атайын домбура сатып алып болгон аракетимди жумшап үйрөндүм. Бирок казак туугандар көрсө сындабасын деп видеосун интернетке чыгаруудан уялып жүрдүм. Кийин домбураны да катыра черткен Закирбек, Назбек инилеримден катуу сынга калбаймынбы деп сурасам "ой, эже, кээ бир казактардан кыйын ойноп коёт экенсиз" деп коюшту. Анан казактардын да черткенин көрүп, талдап, коркпой чыга берчү болдум.

— Сизди мугалим катары да тааныйбыз. Бул тармакта канчадан бери иштеп келе жатасыз?

— 2007-жылы Улуттук консерваторияны бүтөрүм менен эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна (азыркы университет — ред.) мугалим болуп баргам. Ошондон бери жаш ырчыларды тарбиялап иштеп келе жатам. Быйыл шакирт кыздарымдан топ түзгөм, алдыдагы концертте тушоолору кесилет.

© Фото / Адилет БектуровЫрчы: азыр атаандашык аябай күчтүү. Сахнада кармалып турушуң эле өзүнчө баатырдык
Мээрим Карыпова: кыздар башында сахнаны тандаса, үй-бүлө куруу кыйын болот экен - Sputnik Кыргызстан
Ырчы: азыр атаандашык аябай күчтүү. Сахнада кармалып турушуң эле өзүнчө баатырдык

— Ырчы болууну каалагандар көп, аларга кандай кеңеш берээр элеңиз?

— Азыр атаандашык аябай күчтүү. Сахнада кармалып турушуң эле өзүнчө баатырдык. Чыныгы кесипкөй, музыканттар гана көп жашап кармалып тура алат. Ал эми "жылдыз болуп кетсем" дегендер бир жарк этип, кайра ары барса алты жыл жүрүп жоголуп кетиши мүмкүн. Андайларды көрүп жүрөбүз. Эң негизгиси пайдубалы бекем болушу керек. Албетте бул жолдо кыздарга кыйыныраак, эркектердин сахнада көпкө кармалганга бир топ шарты бар.

© Фото / предоставлено Мээрим КарыповойМээрим Карыпова: төрөгөндөн кийин сыналгы көрбөй калгам, чогуу окугандардын теледен чыкканын көрүп ызаланчумун
Мээрим Карыпова: кыздар башында сахнаны тандаса, үй-бүлө куруу кыйын болот экен - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Карыпова: төрөгөндөн кийин сыналгы көрбөй калгам, чогуу окугандардын теледен чыкканын көрүп ызаланчумун

— Сиз үй-бүлө куруп бала-чакалуу болгондон кийин чыгармачылыкка аралаштыңыз да. Эрте турмуш курбасам азыр башка жолду басып жүрмөкмүн деген ойлор болбойбу?

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм
— Ал убакта 2-курста окучумун. Мен 19, жолдошум 20 жашында баш кошуп алганбыз. Мугалимдерим "сен күлүктөрдүн алдысың" дечү. Турмушка чыкканда "бир аз чыдай турсаң болбойт беле, эми чыгармачылыгың токтоп калат" деген сөздөрдү уккам. Чынында ошондой болуп бир жылдан кийин төрөп үйдө отуруп калдым. Анда такыр сыналгы көрбөй калдым. Себеби мени менен чогуу окугандар теледен ырдап чыкканын көрүп ызаланып ыйлагым келчү. Анткени бала кезден ырдап бир райондун кичинекей жылдызы болгом да. Эми баары токтоп калабы деп санаага баткам. Ошентип жүрүп экинчи кызым төрөлдү. Балдарым бир аз чоңойгондон кийин 2007-2008-жылдары чыгармачылыкка баш-отум менен кириштим. Бирок башында чыгармачылыкты тандап кеткен кыздардын аты чыкканы менен үй-бүлө куруусу кыйын болуп каларын көрдүм. Акыл-эси толуп, кабыргасы катып калганда барган жерине көнүү, бүлө куруу кыйын болот экен. Мен мунун баарын балалыгым менен кошо оюн сыяктуу өткөрүп жибериптирмин.

— Жолдошуңуз менен кантип таанышып баш кошуп калгансыздар?

— Анда чоң кишидей ойлонуп, өзүмдү улуу сезчүмүн. Алдын ала ойлонуп, "турмушка чыксам, бала төрөсөм анан ырдап чыгам" деп план коюп алгам. Жолдошум Кыргыз архитектура жана курулуш институтунда окучу. Экөөбүз сейил бактан таанышканбыз. Кычыраган кышта баш коштук. Ал ата-энесине айтпай эле шашылыш түрдө ала качып барган. Башка бирөө алып кетпесин деген коркунучунан улам ушундай болгон. Экөөбүздүн тең ата-энебиз таң калган бойдон калышкан. Анан эми "бактылуу болгула, негизгиси бизди уят кылбай жакшы жашагыла" деп батасын беришкен. Кудайга шүгүр, аларды уят кылбай 15 жылдан бери жашап келе жатабыз. Өзүм Чүйдүн Ак-Торпок деген айылында туулгам. Тоңдун Кара-Талаа деген айылына келин болдум.

— Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга каршы болгон жокпу?

— Жаңы үйлөнүп жүргөндө мени сахнага чыгаруудан кызганып, анча көңүлдөнбөй жүрдү. Экинчи балалуу болгондон кийин сахнага сагынуум күчөп чыдабай калгам. Анан өзү да түшүндү окшойт, "сен сахнага чыкпасаң болбойт экен" деп макул болуп азыркыга чейин колдоп-коштоп келет.

© Фото / Адилет БектуровКарыпова: өзүм Чүйдүн Ак-Торпок деген айылында туулгам. Тоңдун Кара-Талаа деген айылына келин болдум
Мээрим Карыпова: кыздар башында сахнаны тандаса, үй-бүлө куруу кыйын болот экен - Sputnik Кыргызстан
Карыпова: өзүм Чүйдүн Ак-Торпок деген айылында туулгам. Тоңдун Кара-Талаа деген айылына келин болдум

— Экөөңүздөр тең студент болсоңуздар, иштебесеңиздер шаардагы жашоо кандай болду, кантип курсак тойгузчу элеңиздер? Ошол күндөрү сүрөттөп берсеңиз.

— Эркиндик бульварынын жанында жашачубуз. Кечинде паркка чыгып бир балмуздак жеп сейилдип жүрө берчүбүз. Эмне ойлогонубузду деле билбейм. Азыркы жаштар үй, унаа алабыз, бизнес ачышыбыз керек дейт эмеспи. Жада калса 14 жаштагы балам да үй-бүлөмдү кантип багам, биринчи буларды жасашым керек деп план коюп жатат. А биз анда үйлөнгөнүбүзгө эле курсантпыз. Эптеп курсагыбыз тоюп жашап, окуубузду таштабагыныбызга сүйүнүп жашадык. Кээде кыйналып ыйлаган күндөрүбүз да болду. Бирок намыстанып ата-энебизге билгизбей жүрдүк. Жолдошум каникулда, бош убактысында иштеп жатты. Мен да кээде тойлорго барып ырдап койчумун. Ошентип жашообуз бир калыпка түшүп кетти. Азыр жолдошум аскер кызматында.

— Балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— "Мээрим" фондусу жылына дастанчы, ырчы, комузчуларын кароо-сынагын өткөрчү. 10 жашымда Ысык-Көлдө ошол сынакка катышып байгелүү орун алып Роза Аманова менен таанышып калдым. Ал гостролдоп жүргөн экен. "Жакшы ырдайт экенсиң, сени шакирт кылып алайын" деп ата-энемден сурап бир жума гостролдоп келгенбиз. Кийин үйгө келип бата алып кеткен. Роза эженин арты менен көп жакшы нерселерди көрдүм. Болуш Мадазимов, Эстебес Турсуналиев, Асек Жумабаев сыяктуу залкарлар менен өлкөнү түрө кыдырып, Ташкент, Кызыл-Суудагы кыргыздарга чейин барып келдик. Ошондой залкарлардын жанында жүрүү эле чоң бакыт болчу да.

— Айрымдар "чоң дөбөттүн күчүгүмүн, чоң көмөчтүн күкүмүмүн" деп калышат. Сизге ырчылык өнөр кимден калган?

Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуркамал Турсунбекова: балалыгым аскер шаарчасында өттү
— Бала кезде майрамдарда ырдап калсам чоң энем "сен чоң атаңды тарттың" деп айтчу. Чоң атам мыкты ырчы, жамакчы болгон. Улуу Ата мекендик согушка кеткенде айылга сагынычын, ал жактагы окуяларды ыр түрүндө жазып жиберчү экен. "Карыптан кат келди" деп баары чогулуп отуруп бирөөгө окутуп шолоктоп ыйлашчу дешет. Тилекке каршы, чоң атам согуштан кайтпай калган. Ал убакта атам үч жашта экен. Чоң атамдан калган жалгыз туягы болуп калды. Атам да жакшы ырдап, актерлук чеберчилиги күчтүү болчу.

Айылда той-топур болуп калса атам кара жорго бийин бийлечү эле да. Классташтарым күлсө уялып "бийлебей эле коюңузчу, атасы башкача бийлейт экен деп жатышат" десем каткырып күлүп койгон. Ал убакта түшүнгөн эмес экенбиз. Кийин кара жорго ырын ырдап клибин тартып жатканда адис таппай кыйналдык. Азыр эми Кудайга шүгүр, кыргыз бийдин түрүн бийлеп калбадыкпы.

Жаңылыктар түрмөгү
0