Кыргызстандыктар апрелде төрт күн эс алат

© пресс-служба мэрии города БишкекIII международный фестиваль классической музыки под открытым небом TENGRI music 2017
III международный фестиваль классической музыки под открытым небом TENGRI music 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар апрель айында төрт күн эс алат. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомунда айтылат.

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
7-апрель — Элдик Апрель революция күнү ишембиге туш келгендиктен, дем алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат. Ага ылайык беш күндүк график менен иштегендер 7-8-9-апрелде эс алышат.

Ошондой эле дем алыш күндөрүн натыйжалуу колдонуу максатында ишемби, 28-апрелдеги дем алыш күн 30-апрелге которулат. Ага ылайык, кыргызстандыктар үч күн катары менен 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алышат.

Жыл ичинде боло турган майрамдардан улам белгиленген эс алуу күндөрүн материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0