Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүй менен Таласта 18…23 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 19…24 градус жылуу болсо, Ысык-Көл менен Нарында 13…14 градус болушу күтүлүүдө.

Бишкек шаары менен Ош калаасында да күн ачык болуп, абанын температурасы 23…24 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0