Күндүн көзү качан ачылат? Дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада 18-март күнү аба ырайынын температурасы 21 градуска жетиши мүмкүн

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын айрым аймактарында 17-март күнү кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Майрамдык иш чаранын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата программаны жарыялады
Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарынын айрым жерлеринде эртең, 17-март күнү, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Чүй менен Таласта түнкүсүн —2…-7, күндүз 9…14 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн —2…+3, күндүз 9…14 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн —3…-8, күндүз 2…7 градус, ал эми Нарында түнкүсүн —4…-9, күндүз 0…5 градуска чейин жылыйт. Борбор калаада болсо түнкүсүн —2…-4, күндүз 10…12 градус жылуу болот.

Ал эми 18-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Ал эми Бишкекте күндүзгү аба ырайынын температурасы 19…21 градус болушу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0