16:57 12 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Карда бараткан жарандар. Архивдик сүрөт

Алдыдагы үч күндө аба ырайы бузулуп, жаан карга айланат

© Sputnik / Максим Блинов
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
118710

Мындай аба ырайы кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 13-марттан 16-мартка чейин күн сууктап, мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым аймактарда кар түшөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат.

Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңуп тайгалак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

14-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 6 градуска чейин суук, күндүз 5 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7 градус суук, күндүз 5 градуска чейин жылуу болору айтылды. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 1…6 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25 градуска чейин суук болсо, күндүз сууктун күчү 10 градуска чейин жетет.

Мындай аба ырайы кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Тема боюнча

22 жыл бою сынынан кетпеген кытайлык алып баруучу соцтармакты дуу кылды
Белгилер:
аба ырайы, ӨКМ, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ