8-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол катырчан кыз. Архив
Кол катырчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Айымдардын майрамында күн жылуу болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдө 8…13 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы 12…15 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0