Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды

© AFP / FRED DUFOUR Желим баштык көтөргөн аял. Архив
Желим баштык көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтин авторлору желим баштыктарды өндүрүп жана сатып жаткан жеке тараптарга 500-1000 сом, юридикалык жактарга — 1000-2000 сом айып салууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда желим баштыктарды импорттоо, өндүрүү жана сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги иштеп чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул баштыктар экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Өзгөчө Ысык-Көлдүн тегерегин булгап жатканы айтылды.

"Желим баштыктар дээрлик чирибейт. Аны өрттөгөндө бөлүнүп чыккан диоксин жана фуран заттары абада көпкө сакталат. Ал эми Стокгольм конвенциясында аталган заттар айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяндуу экени жазылган", — деп түшүндүрүштү агенттиктен.

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
20 миң сомдук айып! Интернетке сын жазуудан мурда мыйзам долбоор менен таанышыңыз
Бул мыйзам желим баштыктарды азайтып, кагаз баштыктарга өткөнгө шарт түзмөкчү. Экологдордун пикиринде бул нерсе экологиянын абалын жакшыртууга жардам берет.

Документтин авторлору желим баштыктарды өндүрүп жана сатып жаткан жеке тараптарга 500-1000 сом, юридикалык жактарга — 1000-2000 сом айып салууну сунуштап жатат.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция өткөн жумада желим жана башка зыяндуу заттарды жаккан мончолорду текшерип чыккан. Маалыматка ылайык, айрым мончолор желим жана синтетикалык материалдарды — тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, желим бөтөлкө, дөңгөлөк жана эски бут кийимдерди жагып, экологияга зыян келтирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0