Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүФонарь. Архив
Фонарь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Велосипедчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мартта күн кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Ага ылайык, жолдор тоңуп, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө температура төмөндөп, 1…6 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыса, Ысык-Көлдө 0…5 градус нөлдөн төмөн болору айтылды. Ал эми Нарында сууктун күчү 8…13 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында кар жаап, 2…4 градус суук болсо, Ошто күндүн табы 0…2 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0