Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сильные морозы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында күн кескин сууктайт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы Чүй менен Таласта 0…5 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Ысык-Көлдө күн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө. Нарын аймагында сууктун күчү сакталып, 5…10 градуска чейин жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, 4…6 градус жылуу болушу божомолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0