Балага сүйүнчү пул алууга арыздар түшө баштады

Жазылуу
Сүйүнчүгө 4000 сом берилери айтылган

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн бир жолу берилчү сүйүнчү пул алууга арыздар түшө баштаганын Мамелкеттик каттоо кызматы билдирди.

Ымыркай көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты
Маалыматка ылайык, 6-февралдан тарта Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, Калкты тейлөө борборлору, маалыматтык киоскилер арыздарды кабыл ала баштап, ушу тапта сегиз адамдан билдирме келип түшкөн.

2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Анда ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берүү каралган.

Ал эми Каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев бүгүнкү күндө өлкө боюнча 363 маалымат киоску, 58 нике каттоо бөлүмү, 22 калкты тейлөө борбору иштей турганын билдирген.

Буга чейин сүйүнчү пул алуунун жол-жобосун Социалдык өнүктүрүү министрлиги сонун кылып түшүндүрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0