Финансы министрлиги айыл аймактарды өзүн-өзү багууга үйрөтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 453 айыл аймак жана 31 шаар бар. Алардын көпчүлүгү дотацияда отургандыктан республикалык бюджеттен каржыланып келет

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Быйыл айыл аймактарды өзүн-өзү актаган деңгээлге жеткирүү пландалууда. Тагыраагы, киреше чыгаша менен дал келиши керек. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жайында билдирди.

Өлкөдө 453 айыл аймак жана 31 шаар бар.

"Өткөн жылы өзүн-өзү баккан айыл аймактардын саны бешке кыскарып, 71 болуп калды. Калган 382 айыл аймак дотацияда. 31 шаардын экөө дагы дотацияда. Эми аларды өз алдынча киреше табууга үйрөтүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Кантип? Жергиликтүү бийлик эки жылдан бери жер салыгын көбөйтүү укугуна ээ. Бирок бул гранттардын көлөмүнө таасир этпейт", — деди министр.

Касымалиев бир нече аймактарды өзүн-өзү актаган деңгээлге чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын бюджетинин дефицити өткөн жылы 17 миллиард сомду түзгөн. Финансы министри дефицит кантип жабылып турганын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0