Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Ипотекага берилчү арзан үйлөр кайсы аймакка курулары белгилүү болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Бишкектин "Тунгуч" кичирайонунда 135 батирлүү үй колдонууга берилет

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бийлик ипотекага сатыла турган эконом-класстагы үйлөрдү кайсы аймактарга кура турганын "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын төрагасы Бактыбек Шамкеев айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, көп батирлүү 60 үй Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол, Токмок жана Баткен шаарларына салынат.

"Былтыр дал ушундай үйдүн курулушун Нарын шаарында баштаганбыз. Ал жакта 60 батирден турган беш кабаттуу үй курулуп жатат. Дал ошондой бир имарат Бишкектин "Тунгуч" кичирайонунда тургузулууда. Ал колдонууга быйыл берилет", — деди Шамкеев.

Компаниянын жетекчисинин маалыматына караганда, бул үйлөр жердин силкинүүсүнө туруктуулугу менен айырмаланып, сырты жылуулукту жакшы кармачу материалдар менен капталат.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болгуңуз келеби? Мамлекеттик ипотека тууралуу эмнелерди билүү керек
"Бул турак жайлар кирешеси орто жана андан төмөн калк үчүн курулуп жатат. Биз 10 миңден ашуун жаранды үйлүү кылабыз деп турабыз", — деди төрага.

Эске салсак, эми 15 жылдык мөөнөткө ипотеканы мамлекеттик кызматтагылар гана эмес, Кыргызстандын башка жарандары дагы ала алат.

Мамлекеттик ипотеканы алуунун жол-жобосун да иликтеп көрдүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0