Кыргызстандагы көпчүлүк зер буюмдар сырттан келет

© AFP / Sam PANTHAKYЗер буюмдар. Архив
Зер буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Департамент кайсы өлкөдө өндүрүлгөнүнө карабай ар бир жаңы келген зер буюмга белги коюп чыгат

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы көпчүлүк зер буюмдар чет өлкөдөн алып келинет. Мындай жыйынтыкты Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаменти чыгарды.

Екатеринбургский завод по обработке цветных металлов - Sputnik Кыргызстан
Абдыгулов: Кыргызстанда 3 жылдын ичинде платина жана күмүш куймалары пайда болот
Маалыматка караганда, департамент кайсы өлкөгө өндүрүлгөнүнө карабай ар бир жаңы келген зер буюмга белги коюп чыгат.

Былтыр Кыргызстанда жалпы массасы 135,5 килограммга жеткен 54 миң даана зер буюм чыгарылган. Ушул эле учурда чет өлкөлөрдөн 69,7 миң алтын буюм кирген. Импорттолгон зер буюмдардын салмагы 400 килограммга жеткен.

Ал эми күмүш буюмдар жагынан айтсак, Кыргызстанда 18 миңден ашык сөйкө-шакек жасалса, сырттан келгендердин өлчөмү 115 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0