Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө күндүн табы 4…9 градуска чейин жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 6…11 градус жылуу болору айтылды. Ысык-Көлдө 2…7 градус жылуу болору божомолдонсо, Нарында сууктун күчү —3…-8 градуска чейин жетет.

Бишкекте 10…12, ал эми Ош шаарында 8…10 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0