Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБаласын чанада сүйрөп бараткан адам. Архив
Баласын чанада сүйрөп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Ысык-Көл жана Талас өрөөнүндө 0…-5 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0…5 градус жылуу болот. Ал эми Нарында болсо —5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы 3 градус суук болсо, Ош калаасында 4 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0