Алдыдагы бир жумада аба ырайы кандай болот? ӨКМдин маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековТазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт.

13-январда айрым жерлерде кар жаап, унаа жолдору тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкек — Ош жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү бузулуп ӨКМдин ыкчам тобу Төө-Ашууга, Чычкан капчыгайына чыгып кетти
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —7…-12°, күндүз —2…-7° суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн —3…-8°, күндүз —3° сууктан…+2° жылуу болсо, тоо этектеринде түнкүсүн —9…-14°, күндүз —2…-7° суук болот.

Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —18…-23°, күндүз —5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —30…-35°, күндүз —10…-15° суук болушу күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

14-16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерлерде катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

17-январда айрым жерлерде кар жаайт. Ал эми 18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөй турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0