Эми кар качан жаайт? ӨКМдин маалыматы

Жазылуу
Калың жааган кар калаа тургундарына жана Бишкек — Ош унаа жолундагы айдоочуларга бир топ ыңгайсыздарды жараткан

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарына кийинки кар 4-январда жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Жол азабы — көр азабы. Чычкан капчыгайынан Ала-Бел чейинки автотыгындын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жол азабы — көр азабы. Чычкан капчыгайынан Ала-Бел чейинки автотыгындын видеосу
2017-жылдын акыркы күнү 31-декабрда жана 1-январь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Муну менен катар ӨКМ Ысык-Көл облусунда жаңы жылдын биринчи күнү азыраак кар жаашы мүмкүн экендигин кошумчалады.

2-3 жана 4-январда өлкө аймактарында аба ырайы өзгөрбөйт. 4-январь күндүз айрым райондордо жамгыр жаашы ыктымал. Жолдор тайгак, тоңголок болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Буга чейин калың кар 27-декабрь түнү жааган. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн Бишкекте жол кыймылы кыйындап, тайгалак болгон. Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда аба ырайына байланыштуу жол тыгыны катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0