Кыргызстанда электромобилдер каттоодон өткөрүлө баштады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЗапуск в эксплуатацию электрозарядной автостанции
Запуск в эксплуатацию электрозарядной автостанции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы жана кайталап каттоодогу беш жана бир пайыздык тарифтер электромобилдерге дагы колдонулат

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу транспорттук каражаттардын баасы боюнча тарифтик торчого электромобилдер киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Аталган кызматтын төрагасы Дастан Догоев 2018-жылга карата унааларды алгачкы жана кайталап каттоодон өткөрүү боюнча беш жана бир пайыздык тарифтик торчону бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду.

"Бул торчого быйыл биринчи жолу электромобилдер киргизилди. Унаалардын моторунун кубаттуулугу 50 кВт саатка чейин жана андан жогору деп эки категорияда бааланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Алгачкы жана кайталап каттоодогу беш жана бир пайыздык тарифтер электромобилдерге дагы колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0