Бейшембиге карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Чүй, Таласта —2…-7, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0…-5, Ысык-Көл ойдуңунда —1…-6, Нарын облусунда —5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3…5 градус нөлдөн төмөн болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0