Зилалиев: мамлекеттик мүлк толугу менен санариптештирилип бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ФУГИ Дуйшенбек Зилалиев
Председатель ФУГИ Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реестрде мамлекеттик 65 орган жана алардын курамындагы 1862 ведомстволук структуралар тууралуу маалымат камтылды

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик мүлкү толугу менен санариптештирилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда берген маалымат жыйынында Маммүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү санариптик жол менен инвентаризациялоо иштери 100 пайыз аяктады.

"КРдин мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" маалыматтык системасынын презентациясы Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болду.

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Зилалиев УКМКга чакырылды
"Реестр жок кезде мамлекеттин өз менчиктери жана алардын баасы боюнча толук маалымат жок болчу. Бул системада 1 миллион 80 миңден ашык негизги активдер камтылды. Эми бардык маалыматтарды онлайн режимде чогултуп жана оңдоого болот", — деди Зилалиев.

Көз карандысыз адис Улук Кадырбаевдин пикиринде бул реестрдин түзүлүшү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң жардам берет.

"Ар бир салык төлөөчү мамлекеттин менчигинде канча имарат, жер тилкеси бар экенин каалаган убакта текшерип көрсө болот. Маалыматты ЖМКлар, жарандар ар дайым көрүп тургандыгы үчүн мамлекеттик машина дагы эффективдүү иштегенге аракет кылат", — деди Кадырбаев.

Колдонуучулар жаңы системаны ergi.fgi.gov.kg дареги аркылуу көрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0