06:10 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Той. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар туугандарына канча акча коротот. Статистика

© Sputnik / Александр Кряжев
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
340 0 0

Туугандарга кеткен акчанын көлөмү батир, унаа, эмерек жана мектепке чейин билим берүүгө кеткен каражаттан ашып түшөт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын жарандары туугандарына материалдык жардам катары канча акча короторун эсептеп чыкты.

Акча. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ведомствонун маалыматына караганда, үй-бүлөсүн эркек башкарган бүлөлөрдө жалпы кирешенин 0,8 пайызы туугандарга кетет. Ал эми үй-бүлөдө аял башчы болгон бүлөлөрдө бул багытка 0,7 пайызы жумшалат.

Эсептөөлөр боюнча туугандарга кеткен акчанын көлөмү батир, унаа, эмерек жана мектепке чейин билим берүүгө кеткен каражаттан ашып түшөт. Бул багыттарга жарандар кирешесинин 1 пайыздан ашыгын короткусу келбейт.

Өлкө боюнча жарандардын көпчүлүгү кирешесинин 41 пайызын азык-түлүккө сарптайт. Ал эми ар бир онунчу сом кийим алууга кетет. Алдыңкы үчилтикти салык жана башка төлөмдөр ээлейт.

Тема боюнча

Мигранттар 9 айда Кыргызстанга канча акча которду. Статистика
Статистика: үч жыл жашаган түгөйлөр арасында ажырашуу көп болот
Белгилер:
үй бүлө, статистика, Улуттук статистикалык комитети

ЭҢ МААНИЛҮҮ