14:36 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
37501

Террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшүү үчүн маалыматтык стратегия иштелип чыгат

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана мекеменин учурдагы ишмердиги тууралуу кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысына террорчулук, диний экстремизм менен күрөшүү жана террорчулук багыттагы кылмыш иштерин алдын алуу боюнча иш-чараларды активдештирүү керектигин айтты.

Жээнбеков ошондой эле терроризм жана экстремизм өлкө үчүн башкы коркунучтардан экенин белгиледи.

"Бул коркунучтар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгондуктан, аны менен күрөштү күчөтүү керек. Радикал агымдарды жактагандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, экстремисттик идеологиянын социалдык түйүндөрдө таркашына өзгөчө көңүл бөлүп, терроризм менен экстремизмге каршы маалыматтык күрөштү күчөтүү керек. Андан сырткары, бирдиктүү стратегияны, анын ичинде маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу зарыл", — деди президент.

Мындан тышкары, өлкө башчысы УКМКнын ишмердиги укук коргоо, сот органдары жана башка мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупцияга каршы багытталышы керектигин белгиледи.

Тема боюнча

Сегизбаев Абдил Кеңешович — өмүр баяны
Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг
Белгилер:
терроризм, диний экстремизм, УКМК, Сооронбай Жээнбеков, Абдил Сегизбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ